«Манас күнүнө» арналган иш чаралар
«Манас» эпосу дүйнө жүзүндө ыр менен жазылган эң чоң эпикалык чыгарма, кыргыз элинин улуттук сыймыгы, дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эң зор салымы. Анын манасчы Саякбай Каралаевдин айтымындагы вариантынын көлөмү эле жарым миллион саптан ашат.
Эпос буга чейин англис, немис, француз, орус, япон, монгол, венгер, кытай, казак тилдерине которулган.
«Манас» күнүнө карата окуучулар үзүндүлөрдөн айтып беришти жана ошол убактагы курал жарак, буюмдардын көргөзмөсү уюштурулду.
Комментарии