Мектептин тарыхы
Горная-Маевка айылында алгачкы мектеп 1932-жылы Бакиев Абдакулдун үйүндө 4 жылдык башталгыч мектеп болуп уюшулган . Мектептин биринчи мугалими Шайдылда агай болгон.
1934-35-окуу жылында Өмүркулов Шейшенкулдун үйүндө башталгыч мектеп ачылган, анын мугалими Токтосунов Кадыр.
1939-жылы кайрадан башталгыч мектеп уюшулуп, ал Насип уулу Садыр көчөсүндө жайгашкан, анын мугалими Кондубай агай .Андан соң Нооруздан 7 жылдык мектеп көчүрүлүп келип, Чыгыш көчөсүндөгү 26-үй турган жерге салынган. Ошол кездеги биринчи директору Беккулов Токтон.
1958-жылы мурунку эски мектеп Куйбышев атындагы 7 жылдык болуп ачылган, директору Беккулов Токтон.
1962-1963-жылы Маевка №2-сегиз жылдык болуп ачылган. Анын директору Жапаров Медет.
Андан кийинки иштеген директорлор:
1965-1968-жылы Сагынбаев Дайырбек
1969-1971-жылы Субанкулов Сарыпбек
1972-1975-жылы Иманалиев Нурдин
1975-1976-жылы Акулов Эргешбай
1976-1979-жылы Андалиев Акун
1979-1984-жылы Шаршенов Камчыбек
1984-1987-жылы Солтоева Гулнар
1987-2010-жылы Абдрасаков Жаныш
2010-2014-жылы Окошева Замира
2014-жылдан баштап Чавалиева Эльмира жетектеп келе жатат.