Новости

Эркинбаев Шаршен атындагы Горная-Маевка ЖББ орто мектебинде Улуу Жеңиш күнүнө карата иш чара өткөрүлдү. Бул иш чарага баардык класс катышты. Биз үчүн согушта курман болгон ата-бабаларыбызды эскерүү мүнүтү болду. Андан кийин башталгыч класстан чоң класстарга чейин өз өнөрлөрүн көргөзүп ырдап, бийлеп беришти. Бүтүрүүчү 11-класстын окуучулары согуш учурун алдыбызга чагылдырып беришти.
22.05.2022 113
Энелер мектеби боюнча Каныметова Кундуз Калыбековна озунун классы менен иш алып барат жана ошондой эле башка ата-энелерге маалымат жеткирип, сабак отуп турат. Балдар биздин келечегибиз болгондуктан, бир канат ата-эне, бир канат мугалим болуп учууга жардам берели. Башталгыч класстардын ата энелерине 2022 окуу жылдын ноябрь айында сабак өтүндү. Бул сабакта келген коноктор өзүлөрүнө керектүү маалыматтарды ала […]
25.04.2022 107
Мектепте АРИС проектисинин алкагында окуучуларга СУУ САНИТАРИЯ ГИГИЕНА боюнча класстан тышкаркы сабактар отулот.
25.04.2022 116
Балдардын кызыгуусун арттырып,  окуучуларды өзүнө тартып турган комуз  кружогу  2022-жылы февраль айынан бери окуучуларды үйрөтүп келет. Жаңы оку жылдын башталышы менен комуз черткенди үйрөнөм дегендердин саны көбөйдү. Ар бир иш чарада комузчулар активдүүлүгүн көргөзүп келишет.
25.04.2022 94
Жаратылышка кам көрүү конкурсуна балдар УЯ жасап, мектептин тегерегиндеги бактарга тагылды.
19.04.2022 105
Бир окуучу бир көчөт акциясы өткөрүлүп, окуучулар роза гүлүн отургузушту. Ар бир класс активтүү жана баары толук катышты. Жана ошондой эле мектепте иштеген жаамат бирден алма көчөтүн отургузушту.
19.04.2022 97
Мектеп ичинде «Манас» күнү өткөрүлдү. Окуучулар Манас эпосунан үзүндүлөрдү айтып беришти жана ошол кездеги буюмдардын көргөзмөсү уюштурулду. Ар бир класс жоопкерчилик менен мамиле кылып  активдүү катышышты.
19.04.2022 94
Биринчи класстын «Алиппе майрамы» өткөрүлдү. Класс жетекчиси Каныметова Кундуз   чакан концертке күбө болдук. Балдарга китеп белек кылынды.
19.04.2022 92
Кымбаттуу окуучулар! Урматтуу ата-энелер, кесиптештер жана майрамдын коноктору! Биз чын жүрөктөн баардыгыңыздарды «БИЛИМ» күнүнүздөр менен куттуктайбыз! 
25.01.2021 116
Эркинбаев Шаршен атындагы Горная-Маевка орто мектебинде Нооруз майрамына карата иш чара өтүлдү. Иш чара Умай эненин аластоосу менен башталып, Нурмолдонун айтымдары менен коштолду. Андан тышкары Умай эне  унутта калып бараткан кыргыздын буюмдары жаргылчак тууралуу айтып берди. Ошону менен катар талкандын кандай жасалаарын көрсөтүп, окуучуларга түшүндүрүлдү. Кыргыздын тамак аштарынан  дастаркон даярдалып, алардын кандай жасалаары боюнча маалымат […]
25.01.2021 146
Кымбаттуу окуучулар! Урматтуу ата-энелер, кесиптештер жана майрамдын коноктору!Мен чын жүрөктөн баардыгыңыздарды 1-сентябрь майрамыңыздар менен куттуктайм!Бул жаңы окуу жылынын башталышы, билим үчүн, эң жакшы баалар үчүн, ишенимдүү достор үчүн, жаңы бийиктиктерди багындыруу үчүн күрөштүн башталышы!
25.01.2021 100
«Манас» эпосу дүйнө жүзүндө ыр менен жазылган эң чоң эпикалык чыгарма, кыргыз элинин улуттук сыймыгы, дүйнөлүк маданият казынасына кошкон эң зор салымы. Анын манасчы Саякбай Каралаевдин айтымындагы вариантынын көлөмү эле жарым миллион саптан ашат. Эпос буга чейин англис, немис, француз, орус, япон, монгол, венгер, кытай, казак тилдерине которулган. «Манас» күнүнө карата окуучулар үзүндүлөрдөн айтып беришти […]
25.01.2021 98