Эркинбаев Шаршен атындагы Горная-Маевка орто мектебинде Нооруз майрамына карата иш чара өтүлдү. Иш чара Умай эненин аластоосу менен башталып, Нурмолдонун айтымдары менен коштолду. Андан тышкары Умай эне унутта калып бараткан кыргыздын буюмдары жаргылчак тууралуу айтып берди. Ошону менен катар талкандын кандай жасалаарын көрсөтүп, окуучуларга түшүндүрүлдү. Кыргыздын тамак аштарынан дастаркон даярдалып, алардын кандай жасалаары боюнча маалымат берилди. Өзгөчө «Кошкон майдын кандай жасалышы боюнча мастер класс көргөзүлдү.
Комментарии